Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык сынакка катышат

  • 30.07.2024
  • 0

Кыргызстандык окуучулар First Global Challenge сынагына катышуу үчүн Грецияга барышат. Бул боюнча Робототехниканы өнүктүрүү клубунун жетекчиси Салтанат Мамбетисаева билдирди.

Бүгүн жетекчи окуучулары менен бирге министр Д. Кендирбаева менен жолукту.

Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык сынакка катышат

First Global Challenge долбоору 2017-жылдан бери 180ден ашык өлкөдө иш алып барат. Кыргызстандан окуучулар бул долбоорго 2018-жылдан бери катышууда.

“Бул долбоорду Дин Камин деген американец негиздеген. Ал ар өлкөдөн инженерияга, СТЕМге кызыккан балдардын башын бириктирген сынак өткөрүп турат. Сынак ар жылы ар башка өлкөдө өтөт.  Бизге биринчи жолу 2018-жылы чакыруу келип, катышып калганбыз. Ал жылы биринчи жолу катышкандыктан акыркы орундарга илингенбиз. Кийинки жылы Дубайга барганбыз. Тажрыйба топтоп калгандыктан алдыңкы орундарга жылганбыз. Ал эми пандемия учурунда онлайн катыштык. 2022-жылы болсо Швейцарияда өттү, 192 өлкөнүн ичинен 48-орунга илинип, абдан кубанганбыз. Былтыр Сингапурдан 28-орунда болуп, жарым финалга үч орун жетпей калган. Бирок ошончо өлкөнүн ичинен мындай жыйынтык мыкты көрсөткүч”, – деди жетекчи.

Кыргызстандык окуучулар робототехника боюнча эл аралык сынакка катышатМугалимдин айтымында, сынак өткөрүлө турган жай ар жылы алмашып турат, бул окуучу балдарга жер көргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк. Быйылкы сынак Грецияда 26-29-сентябрда өтөт.

Ага Кыргызстандан беш окуучу жана эки ментор барат.

“Биз окуучуларды 3 ай гана даярдайбыз. Сынак башталар маалда, жазында соцтармак аркылуу кулактандыруу берип, балдарды тандап алабыз. 14-18 жашка чейинки бардык каалоочулар анкета толтуруп, алардын шык-жөндөмүнө жараша окутабыз. Окутуу интенсивдүү өтөт, жумасына алты күн бою алар менен бирге болуп, даярданабыз. Баарын бекер окутабыз”, – деди Салтанат Мамбетисаева.

Каалоочулардын арасында аймактардан келгендер да бар. Мисалы, былтыркы сынакка Баткенден келген окуучу да катышкан. Быйыл болсо шаардагы №5 гимназиядан Апышов Рахат, №38 гимназиядан Урказыева Медина, №69 гимназиядан Урматов Амир, United World International school менчик мектебинен Станкулов Илим жана «Light Academy» менчик мектебинин окуучусу Самакова Адеми барып, өздөрү жасаган роботтун прототибин көрсөтүшөт.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер