КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ПЛЮЩ ЛИГАСЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРГЕ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 13.06.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырып, ийгилик жараткан бүтүрүүчүлөр менен жолугушту. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир эле учурда беш окуучу дүйнөдөгү эң беделдүү жогорку окуу жайларына кабыл алынды. Алардын үчөө Плющ Лигасынын университеттерине өтсө, экөө Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) студенттери болушту.

Министр Догдуркүл Кендирбаева бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле ал «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун негиздөөчүсү Алтынбек
Бегалиевге билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда министр бүтүрүүчүлөр келечекте мекенине кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушат деген ишенимин билдирди.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ПЛЮЩ ЛИГАСЫНДАГЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРГЕ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Ким кайсы университетке тапшырды?

Айхан Принстон университетине жана Колумбия университетине тапшырды, ошондой эле АКШнын бир нече алдыңкы окуу жайларынан сунуштар алды.

Нурсултан Пенсильвания университетине (UPenn) толук грант (Full Ride Scholarship) менен кабыл алынды, $346 660 көлөмүндөгү каражат окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын төрт жыл бою толук жабат.

Тимур Колумбия университети жана Франциядагы Sciences Po университетинин биргелешкен «2+2» программасына 70 пайыздык окуу акысын камтыган грант менен тапшырды.

Эльдар менен Искен Массачусетс технологиялык институтуна кабыл алынып, төрт жылдык толук грант (Full Ride Scholarship) алышты, башкача айтканда, алардын ар бири $360 000 көлөмүндө каражат алат. Бул каражаттар алардын окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын толук жабат.

Бешөө тең «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун катышуучулары болуп саналат. Бул уникалдуу билим берүү долбоору өлкөнүн бардык аймактарындагы 8–10-класстардын таланттуу окуучуларына эл аралык гранттарга даярданууга көмөктөшөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер