КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИПИАДАДА 1 КҮМҮШ, 2 КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ
- 27.10.2020
- 0
Македония өткөргөн FMC 2020 математика боюнча олимпиадада кыргызстандык окуучулар 1 күмүш жана 2 коло медалдарга ээ болушту. Олимпиада онлайн режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышты. №61 физико-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Жусупов Жантай күмүш медаль, Есенгулов Эрбол коло медаль, жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Искендеров Эльдар коло медалдарды жеңип алышты.
Үчөө тең 2019-2020-жылдагы альтернативдик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат жана август айында Кыргызстандын курама командасы үчүн уюштурулган жайкы даярдоого катышкан. Курама команданы даярдагандар: Ишматов Мамат, Абдувалиев Мурат, Амир Мохаммед-Али.
КР БИМдин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер