КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ISPHO 2026 ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНАН 4 МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ

  • 02.07.2026
  • 0

Москва физика-техникалык институтунда (МФТИ) өткөн 4- Илимий-Физикалык Эл Аралык Олимпиада (ISPhO 2026) жыйынтыкталды. 21-июндан 30-июнга чейин созулган бул абройлуу мелдешке дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн эң мыкты деген 148 окуучу катышып, теориялык жана практикалык татаал тапшырмалар боюнча күч сынашты.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ISPHO 2026 ФИЗИКА ОЛИМПИАДАСЫНАН 4 МЕДАЛЬ МЕНЕН КАЙТЫШТЫ

Бул акыл таймашында өлкө намысын коргогон Кыргызстандын курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль жана 3 Ардак грамота утуп алды! Мелдешке бизден жалпысынан 10 окуучу жана 4 жетекчи барган.

Жеңүүчүлөр менен таанышыңыз:

Күмүш медаль

  • Айтегин Эмилбеков – «Газпром Кыргызстан» мектеби, 11-класс.

Коло медаль

  • Темирхан Салиев – «Газпром Кыргызстан» мектеби, 11-класс;
  • Умар Туташбаев – «Газпром Кыргызстан» мектеби, 10-класс;
  • Ахмед Абылаев – «Сейтек-СТЕМ» мектеби, 11-класс.

Ардак грамота

  • Истеми Тазабеков – «Сейтек-СТЕМ» мектеби, 9-класс;
  • Марсель Касымов – «Маариф» билим берүү комплекси, 10-класс;
  • Нурбол Мырзабеков – «Маариф» билим берүү комплекси, 10-класс.

Ошондой эле, эл аралык деңгээлдеги олимпиадада өзүн көрсөтүп, катышуучу сертификатына ээ болгон балдарыбызды да белгилей кетүү керек. Алар: Ж. Баатыр атындагы лицейдин 9-классынын окуучусу Нурэл Эрмеков, №48 мектептин 8-классынын окуучусу Ариетбек Асанбаев жана М. Субакожоев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бактыбек Рашитов.

Бул ийгиликтин артында окуучулардын гана эмес, аларды талыбай даярдаган машыктыруучулар – Салижан Кылычбеков, Андрей Сидоренко, Чынтемир Сабыров жана Эмир Анаралы уулунун чоң эмгеги турат. Жетишкендик өлкөдөгү олимпиадалык кыймылдын туура багытта баратканын жана жаш илимпоздордун дарамети жогору экенин дагы бир жолу далилдеди.

Мындай деңгээлдеги эл аралык ийгиликтер окуучулардын илимий тажрыйбасын арттырып, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын билим берүү кадыр-баркын көтөрүүгө чоң салым кошот.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер