КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ГЕОМЕТРИЯ БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА ЭКИ МЕДАЛЬ АЛЫШТЫ

  • 16.10.2019
  • 0

Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышты.

Билим жарышында Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын “Сема” лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды багындырды. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.

“Келечек”, “Газпром”, “Сапаттын” жана Бишкектеги №61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.

Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.

Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.

Бөлүшүү

Комментарийлер