КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 05.06.2023
  • 0

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы:

1. Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;

2. Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;

3. Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;

4. Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;

5. Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

6. Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

7. Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;

8. Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы — катышуучу.

Команданын машыктыруучусу:  “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер