КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 3 КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 13.11.2021
  • 0

Кыргызстандын окуучулар 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) 3 коло медалды багындырышты. Олимпиадага жалпы 19 өлкө катышып,бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 3 КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 3 КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер