Кыргызстандык Азиз Дегенбаев мектептер арасындагы дүйнөлүк командалык чемпионатта жеке таймашта алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир Актау шаарында (Казакстан) 2023-жылдын 3-августунан 7-августуна чейин 12 жана 18 жашка чейинки категориялар боюнча 53 өлкөдөн 300дөн ашык шахматчылардын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн команда – Дегенбаев Азиз, Курбанбаев Залкар, Пак Аарон, Аманбекова Розэль жана команданын капитаны Дамил Токтогонов катышты.

Азиз Дегенбаев жекече оюнда мүмкүн болгон 8упайдан 8 упай алып, биринчи тактада алтын медалга ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, 43 команданын ичинен 9-орунду ээлеп, эң күчтүү командалардын ондугуна кирди.