КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ПРОГРАММАЛОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 22.02.2022
  • 0

11-13-февралда Info(1)Cup жеткинчектер арасында программалоо боюнча VI эл аралык мелдеште, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ПРОГРАММАЛОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн (Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргызстан, Молдова, Россия, Румыния, Сирия, Украина) 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышкан.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ПРОГРАММАЛОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Кыргызстандын командасында төмөндөгү окуучулар катышты:

  1. Байторо Майрамбеков, Таласшаарындагы«Манас-Ата» лицейинин 9-классынын окуучусу.
  2. Максат Темирбеков, Бишкекшаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу.
  3. Исхак Тажибаев, Бишкекшаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 8-классынын окуучусу.

Мелдешке команданы «Сапат» лицейинен Кылычбек Урайымов жана «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинен Манас Саматов даярдаган.

Сыйлоо аземинин шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=xDAqRgZrC8c

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер