КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КЫЗ МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ АЛДЫ
- 17.04.2021
- 0
2021-жылдын 9-апрелинен 15-апрелине чейин Грузиянын Кутаиси калаасында өткөн Кыздар үчүн европалык математикалык олимпиадага (European Girls’ Mathematical Olympiad, EGMO) 54 өлкөдөн 213 окуучу кыз катышты. Мелдеш Эл аралык математикалык олимпиаданын модели боюнча уюштурулуп, алты тапшырманы камтыйт. Команданын курамына төрткө чейинки сандагы окуучу кыз кирет. Кыздар үчүн европалык математикалык олимпиада 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.
Кыргызстанда олимпиада «Газпром Кыргызстан» мектебинин базасында дистанттык режимде өттү. Кыргызстандын атынан төмөнкү окуучулар чыгышты:
Аты-жөнү | Мектеби | Сыйлыгы | |
1 | Анарбай кызы Элнура | «Айчүрөк» лицейи | Коло медаль |
2 | Мырсабекова Алина | «Газпром Кыргызстан» | |
3 | Ишанкулова Каринахон | «Газпром Кыргызстан» | |
4 | Давыдова Виктория | УКАФМШЛ №61 |
Алардын арасынан «Айчүрөк» лицейинин окуучусу Анарбай кызы Элнура коло медалдын ээси болду.
Белгилей кетсек, кыргызстандык окуучу кыздар бул олимпиадага алгачкы жолу дистанттык режимде катышышты. Команданын негизги бөлүгүн «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Мамат Ишматов машыктырды.
КР БИМдин басма сөз кызматы
Комментарийлер