КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА КОЛО БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛДУ

  • 03.07.2026
  • 0

Тунистин Хаммамет шаарында өткөн International Cybersecurity Olympiad (ICO 2026) эл аралык киберкоопсуздук олимпиадасында кыргызстандык окуучу Али Арапов коло медаль жеңип алды. Дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 70тен ашык эң мыкты жаш программисттер күч сынашкан бул абройлуу мелдеште биздин курама команда татыктуу жыйынтык көрсөттү.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА КОЛО БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛДУ

Биздин команданын катышуучулары:

  • Али Арапов («Сейтек STEM» мектебинин 10-классынын окуучусу) — Коло медаль ээси;
  • Аман Досалиев (Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу) — Катышуучу сертификаты;
  • Арген Чурмуков («Акылман» Президенттик лицейинин 10-классынын окуучусу) — Катышуучу сертификаты;
  • Кадыр Мураталиев («Сейтек STEM» мектебинин 11-классынын окуучусу) — Катышуучу сертификаты.

Жаш таланттарды мелдешке Аали Имран Кубанов, Эркин Кадыров, Атак Осконбаев, Дастан Жакыпбеков, Кылычбек Урайымов жана Артем Беляев сыяктуу тажрыйбалуу адистерден турган машыктыруучулар тобу даярдаган. Ал эми Тунистеги мелдеште команданы Аали Имран Кубанов баштап барды.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер