КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТТУ

  • 04.09.2023
  • 0

Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада (35th IOI 2023 Hungary) күмүш медаль жеңип алды.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ УТТУ

2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;

2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;

3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;

4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, “Манас-Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы — Кылычбек Урайымов.

Команда жетекчиси — Павел Панков.

International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер