КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ХИМИЯ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ
- 06.08.2021
- 0
Японияда 25-июлдан 2-августка чейин мектеп окуучуларынын химия боюнча 53-эл аралык олимпиадасы (IChO-2020, Япония) онлайн режимде өттү.
Ага Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу катышып, жыйынтыгында Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалга ээ болду.
Аталган олимпиадага 85 өлкөнүн командалары катышты.
Бул олимпиадага мектеп окуучуларын даярдоону жана онлайн өткөрүүнү камсыз кылууну команданын жетекчилери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Мунарбек Айтиевдер ишке ашырышкан.
Бөлүшүү
Комментарийлер