КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ФИЗИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ
- 29.07.2024
- 0
Физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А. Молдокулов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамота алды.
21-28-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын курама командасы Иранда өткөн физика боюнча 54-эл аралык IPHO-2024 олимпиадасына катышты.
Белгилей кетсек, Бектур Бараталини мугалим Дүйшөн Сатыбалдыев, Аскар Абдиевди –Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев даярдаган.
Ал эми программалоо боюнча кыздардын Европа олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева коло медаль, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды.
Бул олимпиада 21-июлдан 27-июлга чейин өтүп, 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу катышкан (European Girls’ Olympiad in Informatics).
Кыргыз курама командасынын жетекчилери -№61-АФММЛ ОКнын информатика боюнча олимпиаданын машыктыруучусу Артем Беляев жана «Сапат» Олимпиада борборунун информатика боюнча машыктыруучусу Кылычбек Урайымов.
Бөлүшүү
Комментарийлер