КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ АЛДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш “Таланттарды даярдоо лабораториясы” математика, физика жана химия боюнча V Эл аралык жаштар олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ АЛДЫ

11-декабрдан 13-декабрга чейин Баку шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандын курама командасы катышты. Алар:

Атай Озокеев – Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу;

Санталат Орозбаева – Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу;

Федор Корнияш – Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу.

Кыргызстандын окуучулары бул олимпиадага бешинчи жолу катышууда. Кыргызстан курама командасынын бир күмүш жана үч коло медалы бар.

Өткөн жылы “Таланттарды даярдоо лабораториясы” олимпиадасында Федор Корнияш коло медаль алган. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова олимпиаданын жеңүүчүсү Федор Корнияшга министрликтин белектерин тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер