КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУМУШТУУ БИРДИКТҮҮ МЕЙКИНДИКТИН БУГА ЧЕЙИН БЕЛГИСИЗ КАСИЕТИН АЧТЫ

  • 10.11.2022
  • 0

Кыргызстандык математик окумуштуу, академик Алтай Бөрүбаевдин “Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети” аттуу математикалык ачылышы дүйнөдө жаңы ачылыш катары таанылды.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУМУШТУУ БИРДИКТҮҮ МЕЙКИНДИКТИН БУГА ЧЕЙИН БЕЛГИСИЗ КАСИЕТИН АЧТЫ

“Кесиптештерим менен акылдашып, өзүмдүн илимий эмгегимди Эл аралык илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын академиясына жөнөткөм. Алар топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытай Эл Республикасында бир жыл экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгында жаңы ачылыш деп каттады. Бул жөнүндө кабарды өзүм 23-сентябрда уктум”, — деди академик Бөрүбаев.

Буга чейин Алтай Бөрүбаевдин эки ачылышы эл аралык деңгээлде бааланган. Биринчи “Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө” ачылышы Москва мамлекеттик университетинин сунушу менен Москва обсерваториясы жылдыздардын бирине “Алтай” ысымын берген.

 “2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган”, — деп билдирди Алтай Бөрүбаев.

Академик Алтай Бөрүбаев — Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине кирген Орто Азиядагы биринчи адам.

Бөлүшүү

Комментарийлер