КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

  • 29.03.2022
  • 0

Улуу Британиянын Imperial English билим берүү уюму өлкөбүздүн англис тилчи мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин арттырууга кызыкдар экенин билдирип, беш күндүк онлайн окуу курстарын уюштурууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

Жакында эле, тагыраак айтканда, 22-26-мартта, британиялык TESOL англис тилчи мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатуу курстарынан 59 угуучу өз билимин жогорулата алды. Уюштуруучулардын айтуусунда, сабактар онлайн форматта өткөндүктөн катышуучулар бир гана Кыргызстан менен чектелген жок. Арасында чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Орусия окшогон жакынкы өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиз бар.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

— Кесиптик билимимди өркүндөтүү максатында ушул TESOL мугалимдерди окутуу курсунда окудум. Башка мугалимдерге да сунуштайт элем, анткени учурдун талабы менен окутуу усулдары да  өзгөрүп жатат. Бул курста биз көптөгөн пайдалуу кеңештерди, билимдерди алдык.  Бизди окуткан британиялык тренерлерге жана өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн кесиптештериме да терең ыраазычылыгымды билдирем, — дейт Орусиянын Новосибирск шаарындагы №216 орто мектебинин англис тили мугалими Каримова Калыс.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

Imperial English уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, Ала-Тоо эл аралык университетинин доценти Айнуру Жолчиева бул жолку катышуучулардын арасында Иран менен Индонезиянын өкүлдөрү болгонун айтат.

— Бул ирет бизге Иран менен Индонезиядан өз кесиби боюнча билимин жогорулатам деген мугалимдер кошулду. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынан беш мугалим бар. Мурункусунда 79 мугалим  билим алып, эл аралык үлгүдөгү сертификатка ээ болушкан болчу. Ошондо жалгыз  «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу лицейлерден эле 45 англис тили мугалимдери катышкан, — дейт  Айнуру Жолчиева.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

TESOL кесиптик чеберчиликти арттыруу курсунда окушкан мугалимдер онлайн форматта алган билимдерине ыраазы экенин айтышат.

— Бул курс тынымсыз сүйлөө тренинги аркылуу кыска убакыттын ичинде англисче сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле, британдык Tesol курсу бизге сабакты пландаштырууга, классты башкарууга тереңирээк жана кылдат маани берүүгө үйрөттү. Тестирлөөнүн жана баалоонун жаңы ыкмаларын, сабактарга оюндарды киргизүүнүн жолдорун көрсөттү. Негизинен бул курс мен үчүн педагогикалык ишмердүүлүктү өркүндөтүп, улантууга түрткү берүүчү фактор болуп калды, — дейт Ош шаарындагы «Олимп» гимназиясынан  Жолдошалиева Беназир.

Онлайн окуу ишине мектеп мугалимдеринен тышкары жогорку окуу жайлардын окутуучулары да активдүү катышты.

— Катышуучуларга окуу материалдары күн мурунтан берилгендиктен семинар абдан жандуу өттү. Айрыкча жаш мугалимдер үчүн пайдалуу болду деп ойлойм. Анткени алар сабактын башталышынан аягына чейинки ишти тренерлердин көмөгүндө карап чыгып, англис тилин окутуудагы угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу тилдик ишкердигин заман талабына шайкеш уюштуруу боюнча иштиктүү кеп-кеңештерди алышты, — дейт Кыргызстандагы эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караева.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ БРИТАНИЯЛЫК УСУЛЧУЛАР КОЛ СУНДУ

Маалымат үчүн айта кетсек:

Британиянын  TESOL онлайн окуу курстары эки бөлүктөн турат. Биринчиси өз ичине 40 саатты камтып, мугалимдерге 100% санарип жана онлайн өз алдынча окуп-үйрөнүүнү сунуштайт. Мында мугалимдер базалык теориялык билимдерге, окутуунун жаңы көндүмдөрүнө ээ болушат. Онлайн курстун угуучуларына PowerPoint форматында видео, презентациялар, иликтөөчү макалалар усулдук жардам иретинде берилет. Экинчи бөлүгүндө 10 сааттык практикалык онлайн семинарлар каралган. Мугалимдер эл аралык тренерлердин нускоосу менен англис тилинен кесипкөй мугалим болууга практикалык кеңештерди алышат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер