КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

  • 23.01.2020
  • 0

Кыргызстандын мугалимдери математика, физика жана информатика боюнча эл аралык чыгармачылык конкурста алтын, күмүш жана коло медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

IMPACT Olympiad аталышындагы сынак 8-январдан 12-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты.

Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңип алган.

Мугалимдердин жана машытыруучулардын бул IMPACT Olympiad  чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен тренерлерди табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер