КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 09.12.2021
  • 0

Алматы шаарында 4-5-декабрь күндөрү  математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү. Анда «Газпром Кыргызстан» мектебинин мугалими Медер Осмонов берилген бардык маселелерди чечип, I орунду жеңип алды. Олимпиадага 220дан ашуун математика мугалими, 70тен ашуун физика мугалими, 50дөн ашуун информатика мугалими катышкан.

Кыргызстандан олимпиадага математика боюнча калыстар тобунун мүчөсү катарында «Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов да чакырылган. Ал бул олимпиадага 2019-жылы катышып, 108 катышуучунун арасынан математика боюнча I орунду багындырган.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер