КЫРГЫЗСТАНДЫК ГИДДЕР ДҮЙНӨЛҮК УЮМДУН АККРЕДИТАЦИЯСЫНАН ӨТҮШТҮ

  • 26.12.2017
  • 0

22-декабрда кыргызстандык гиддер Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) аккредитациясынан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

Кыргызстандык гиддер ушул жылдын 16-29-ноябрында өткөн эл аралык стандарттагы тренинг жана сынактардын жыйынтыгында аталган эл аралык туризм рыногунда эң ири уюмдардын бири болгон WFTGA уюмунун сертификациясынан өтүштү. Катышуучулардын отуз бири аталган уюмдун аккредитациясынан ийгиликтүү өтүп, сертификат алса, 18 гид машыктыруучу наамына ээ болду. Бул жетишкендик менен Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногунда алдыга болгон бир чоң кадам жасады.

WFTGA келген эл аралык деңгээлдеги адистер катышуучуларга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө боюнча ыкмаларды үйрөтүштү. Бул тренингди Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинин алкагында уюштурду.

Иш-чарага катышкан Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов өлкөдө туризмдин өнүгүшү үчүн гиддердин ролу канчалык маанилүү экенин белгилеп, бир топ ой-пикирлерин айта кетти: “Гиддер элчилер сыяктуу эле өздөрүнүн өлкөсүн бөтөн элге таанытууда абдан чоң ролду ойношот. Мамлекеттин дүйнөлүк туризм рыногундагы орду гиддердин өлкөнү чет элдик конокторго тааныштырганынан көз каранды болот.  Гид болуу өтө жоопкерчиликтүү жана бир мамлекетти дүйнөгө таанытууда абдан чоң ролду ойнойт”.

USAID туризм тармагында ишмердүүлүктү колдоо, маданий иш-чараларды уюштуруу жана Кыргызстанды эл аралык туристтик жарманкелерде катыштыруу аркылуу Кыргызстанда туризмди өнүгүүсүнө чоң салымын кошууну улантууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер