КЫРГЫЗСТАНДЫК БОКСЧУЛАР ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО БЕРИЛЧҮ ТУРНИРГЕ АТТАНДЫ

  • 01.03.2024
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫК БОКСЧУЛАР ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО БЕРИЛЧҮ ТУРНИРГЕ АТТАНДЫ

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Италияда өтө турган дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү,  IBA Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоцациясынын  экстра-класстагы эл аралык даражадагы калысы Мукаш Ырсалиев билдирди.

Мукаш мырзанын айтымына ылайык, быйыл Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган квалификациялык мелдеш  Италиянын Бусто-Арсицио шаарында 1-марттан 12-мартка чейин болот.

Кыргызстандан бул турнирге жети мушкер аттанып кетишти.

Кыргызстандын насымын коргой турган жигиттер:

Нуржигит Дүйшөбаев — 51 кг;

Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;

Мирзохид Имамназаров — 63,5 кг;

Сыргак Абдыжапар уулу — 71 кг;

Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;

Эркин Адылбек уулу — 92 кг;

Бакыт Токтосун уулу — 92 кг.

Мушкерлерди бокс боюнча Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Данияра Төлөгөн уулу менен улук устат Улан Сагынбаев баштап барышты.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште эркектер арасындагы таймашта 1-2-орундарды алгандар жана 3-орунга татыган эки спортчу (жалпы төрт мушкер) Олимпиадага жолдомо алаарын Мукаш Ырсалиев кошумчалады. Бул олимпиадалык квалификациялык турнирде дүйнө жүзүнөн тандалган 600дөн ашуун бокс чеберлери катышмакчы.

-2021-жылы Токио шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык мушкерлер жолдомо албай арманда калышкан. Бул ирет багын сынап, намыс талашып көрүшмөкчү. Жетинин бири кыдыр дегендей кыргызстандык жети жигитке ийгиликтерди каалайбыз,-деди Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоцациясынын  экстра-класстагы эл аралык даражадагы калысы Мукаш Ырсалиев.

Эгемен мамлекет болгону кыргызстандык бокс чеберлери олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды камсыз кылыша элек.

Бул ирет үмүт жандырып, сүрөөнгө алып туралы.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер