КЫРГЫЗСТАНДЫК АГАРТУУЧУЛАР АСТАНАДА
- 07.12.2023
- 0
6-8-декабрда борборубуздагы бир катар билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү Астанага барып, Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин тажрыйбасы менен жакындан таанышып кайтышат.
Коңшу өлкөнүн билим берүү тармагынын флагманы – Назарбаев интеллектуалдык мектептери менен өнөктөштүк мамилени курууну көздөгөн билим берүү мекемелеринин арасында Салымбеков Университетинин билим берүү жана инновация борборунун, Гүлнара Дайырбекова жетектеген кыргыз тилдүү Креатив-Таалим мектебинин, Нурлан Кудайбердиев башчылык кылган эл аралык «Сапат» мектептеринин, Глобал Скул мектебинин өкүлдөрү бар.
— Кыргызстандык делегация алдыдагы үч күн ичинде бир катар жеке менчик мектептерге барышып, лидерлик боюнча мыкты конференцияга катышат. Баса, Назарбаев Университетинде да конокторду тосуп алабыз, — дейт Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов.
Ала-Тоодон келген конокторду профессор Дүйшөн Шаматовдун мурунку студенттери Лейла, Асель жана Ануар тосуп алды. Үчөөсү тең кезинде Назарбаев университетинде магистратура программасын аяктаган. Учурда алар бул жерде алган билимине таянып, өз мекенинде Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин жаш жетекчилери катары ийгиликтүү иштеп жатышат.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер