КЫРГЫЗСТАНДАН 6 МЕКТЕП ОКУУЧУСУ «МЕКТЕП ПАТЕНТИ – КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНА КАТЫШАТ

  • 15.03.2021
  • 0

 11-мартта  Кыргызпатент интеллектуалдык менчик боюнча “Келечек жаратманы” республикалык сынагынын финалисттеринин арасынан «Мектеп патенти – келечекке кадам» эл аралык сынагына катышууга сынактык эмгектерди тандап алуу комиссиясынын отурумун өткөрдү.

КЫРГЫЗСТАНДАН 6 МЕКТЕП ОКУУЧУСУ «МЕКТЕП ПАТЕНТИ – КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНА КАТЫШАТ

Белгилүү болгондой, мындан мурун жогорку класстын окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик боюнча “Келечек жаратманы” республикалык сынагы өткөрүлгөн, 130 мектеп окуучусунун арасынан 26 жеңүүчү тандалып алынып, алар Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата сыйланышкан.

Комиссиянын чечими менен 26 жеңүүчүнүн ичинен 6 сынактык эмгек «Мектеп патенти – келечекке кадам» эл аралык сынагына катышууга тандалып алынды.

Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматтын колдоосу (Роспатент) менен Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун ассоциациясы жана “Кадуцей” эл аралык кызматташтык борбору” фонду тарабынан демилгеленген  эл аралык сынактын Уюштуруу комитетине тандалып алынган сынактык эмгектер  тууралуу маалыматтар жиберилет.

Сынактын максаты – балдардын чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү, чыгармачыл жаштар арасында эффективдүү байланыш түзүү, ошондой эле таланттуу балдардын өз ара аракеттенүүсүн жана пикирлешүүсү үчүн мамлекеттер аралык коммуникациялык аянтча уюштуруу.

Маалымат иретинде: Эл аралык сынакка катышуучу сынактык эмгектердин тизмеси номинациялар боюнча:

Ойлоп табуу:

– «Робот мусоросборщик» долбоору –  Асанов Айбек;

– «Автоматическая бесконтактная термометрическая система «Эшелон-1» долбоору –  Шилов Артем;

– «Автоматизированная микротеплица для выращивания растений при искусственном освещении» долбоору – Полтавцева Ариана;

– «Универсальный прибор для бесконтактной защиты от коронавируса – УПБЗК-1» долбоору – Абдрахманова Назбийке.

Өндүрүштүк дизайн:

– «Этнорюкзак» долбоору – Сагынбек к. Каухар, Тынчтыкбек к. Дилбар, Максат к.Толгонай.

Сөз чебери:

– «Солнечный город  или «Город Солнца» дил баян – Абдылдаева Уулжан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер