КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ 15-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ

  • 27.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасында окуу жылы мурдагы тартип боюнча 25-майда жыйынтыкталат, ал эми жаңы окуу жылы  15-сентябрда башталат.

Министр Д.Кендирбаеванын маалыматына ылайык, өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга байланыштуу 15-сентябрга жылдырылды. Атап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити 2026-жылдын 31-август – 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-август – 6-сентябрь күндөр өтөт.

Бул маалыматты министр журналисттерге пресс-конференция  учурунда  билдирди.

Малика АСАМАДИНОВА, Салкынай САЛМООРБЕКОВА, Баяман АНАРБАЕВ, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенттери

Бөлүшүү

Комментарийлер