КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ АЧЫЛГАН ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

  • 06.05.2020
  • 0

Онлайн университети 7-май күнү саат 15:00до учурда күн тартибинде турган «Онлайн сынакты кантип уюштуруу керек?» аттуу темада вебинарын өткөрөт. Бул вебинарга эл аралык билим берүү тармагында иштеп жаткан адистер жана педагогдор катышат. Алар онлайн сынак алуу эрежелери, онлайн сынак түрлөрү, онлайн сынакты уюштуруу сыяктуу маселелер боюнча кенен маалымат беришет. 

«Учурдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу  пандемия шартында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, дипломдук, магистрдик иштерди коргоо онлайн форматта өткөрүлмөкчү. ЖОЖдор бул кырдаалга даяр эмес болгондуктан, бир катар кыйынчылыктар жаралууда. Ушул кыйын мезгилде ЖОЖдордун онлайн окутуу системасына өтүүсүнө жардам берели жана мугалимдеринин санариптик сабаттуулугун жогорулаталы деп демилгечи топ түзүп акысыз вебинарларды өтүп жатабыз. Онлайн Университет платформасынын максаты мындан да кенен жана узак мөөнөттүү. Ал тууралуу атайын басма сөз жыйынында кеңири маалымат беребиз», — деди платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Э.Турдубаева.

Жаңы ачылган Онлайн университетинин курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген мекендештерибизден жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу педагогдордон  турат.  Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү  онлайн  режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген  мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын  көздөйт.

Каалоочулар бул адрес менен катышыңыздар: ZOOM вебинардын идентификатору: 960 7728 4124; Пароль: 359814

Байланыш үчүн: Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Бөлүшүү

Комментарийлер