КЫРГЫЗСТАНДА МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АТТЕСТАТТАР 26-ИЮНДА ТАПШЫРЫЛАТ
- 15.06.2026
- 0
2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9- жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, бул күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктөр, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими тууралуу аттестаттар тапшырылат.
Документтерди тапшыруу иш-чараларын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Аземдин өзүнө акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер