КЫРГЫЗСТАНДА КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАР БАРБЫ?
- 01.04.2021
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоору аркылуу 2016-2018-жылдарга чейин өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан.
Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталып, ачылган бала бакчаларды төмөндөгүдөй каражаттар менен камсыздаган:
эмеректер;
окуу-методикалык колдонмолор;
өнүктүрүү оюндары;
жомок китептер;
оюн аянтчалары.
Мындан сырткары санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү үчүн дааратканаларда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бардык талаптарга жооп берген абалга келтирилген.
Долбоор бүт областтарды камтыган:
Ыcык-Көл – 18
Нарын – 13
Талас – 18
Чүй – 31
Жалал-Абад – 17
Баткен – 7
Ош – 16
Мурдагы долбоордо бала бакчалар керектүү болгон бардык өнүктүрүү каражаттары менен камсыздалып, имараттын дааратканасы гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунда болсо жергиликтүү бийлик сунуштаган 500 бала бакчанын имараты толугу менен ремонттон өтөт.
Комментарийлер