КЫРГЫЗСТАНДА ITEC ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

  • 19.10.2026

2026-жылдын 17-октябрында Кыргызстанда Индиянын ITEC программасынын алкагында билим алып, кесиптик курстардан өткөн студенттердин жана адистердин салтанаттуу жолугушуусу болуп өттү. Ага Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү да катышты.

ITEC (Indian Technical and Economic Cooperation) — Индия өкмөтү тарабынан 1964-жылы негизделген эл аралык техникалык жана экономикалык кызматташтык программасы. Ал өнөктөш өлкөлөрдүн адистерине Индияда билим алып, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга шарт түзөт.

Жолугушууда Индияда окуп келген катышуучулар сапардан алган таасирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

ITEC программасы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө, адистердин дараметин жогорулатууга жана өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүп келет.

М.К, «Кут Билим»

Бөлүшүү