КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕП ПАЙДА БОЛОТ

  • 24.03.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы платформанын үстүндө иштеп жатат. Анда бир форматтагы республикалык электрондук мектеп пайда болот. Азыр өлкө боюнча билим берүүдөгү материалдар, окуу куралдары жана мугалимдердин өткөн сабактарынын жүктөмдөрү бир платформага чогултулуп жатат. Бул тууралуу “Марал” радиосунун түз эфиринде берген маегинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев  билдирди.

Министрдин айтымында аталган электрондук мектеп негизги алты багытта иш алып барат.

1) Эгер кайрадан пандемиялык учур каттала турган болсо, электрондук мектеп жалпы мазмунду камсыз кылат.

2) Балдарын жылдын, чейректин ортосунда башка мектептерге которуп кетип жаткан мигранттардын балдарына шарт түзүлөт. Анда чейрегин, жылын ошол мектептен бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк берилет.

3) Ооруп калган балдар темадан артта калбашы үчүн  электрондук мектеп аркылуу окуусун улантат.

4) Чет мамлекетте жашаган этникалык кыргыздар кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын ж.б. үйрөнгүсү келсе, электрондук мектептен билим ала алышат.

5) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектеп программасында үйдөн окутууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

6) Мугалим жетишпеген мекемелерде электрондук мектеп аркылуу билим берилет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер