КЫРГЫЗСТАНДА ЭКИНЧИ УЛУТТУК WORLDSKILLS KYRGYZSTAN ЧЕМПИОНАТЫ СТАРТ АЛДЫ
- 14.04.2025
- 0
14-апрелден 18-апрелге чейин республикадагы кесиптик лицейлер менен колледждердин мыкты студенттеринин арасында экинчи Улуттук WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаты өткөрүлөт. Улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү 27-29-ноябрда Таңбэй шаарында өтүүчү WorldSkills Asia эл аралык чемпионатка Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо алат.
Улуттук чемпионатка республикадан мыкты деп табылган 24 окуучу катышууда. Окуучулар ширетүүчү, технология жана мода, ашпозчу багыттары боюнча күч сынашат.
№77 кесиптик лицейинин 2-курсунун студенти Сабитов Розумухаммад ширетүү багыты боюнча катышууда. Ал улуттук чемпионатта жеңишке жетүү башкы максаты экендигин айтат. Себеби анын бул тармакта үч жылдык тажрыйбасы бар.
— Бул кесипти өзүмдүн кызыгуум менен тандап алгам. Лицейге окууга тапшырганга чейин эле ширетүүчү болуп иштечүмүн. Кесибимди туура тандаганымды анык билгенден кийин гана окууга тапшыргам. Учурда окуум менен жумушумду айкалыштырып иштеп келем. Ошондуктан бул чемпионатка катышуу мага эч кандай кыйынчылык туудурган жок. Көндүмдөрүмдү дагы да тереңдетүүгө жакшы жардам берүүдө. Буйруса, эл аралык деңгээлде өз күчүмдү көрсөтөм деп ишенем, — дейт катышуучу.
Уюштуруучулар кесиптик лицейлердин жана колледждердин студенттеринин мындай эл аралык чемпионаттарга катышуусу Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасын чыңдоодо жана жаштардын заманбап окутуу стандарттарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү кадам саналарын баса белгилешет.
WorldSkills – бул эл аралык коммерциялык эмес ассоциация, анын максаты жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International уюмуна 86-өлкө болуп кирген.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер