КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ КАТЫШУУСУН ЖАНА ЛИДЕРЛИГИН КАНТИП КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК?

  • 14.08.2024
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаттары  Винера Раимбачаева жана Гүлшаркан Култаева Кант шаарында өткөн аялдардын лидерлиги боюнча аймактык тегерек столго катышты.

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ КАТЫШУУСУН ЖАНА ЛИДЕРЛИГИН КАНТИП КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК?КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ КАТЫШУУСУН ЖАНА ЛИДЕРЛИГИН КАНТИП КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК?

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында «Кыргызстанда аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?» темасында аймактык тегерек стол өткөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева тарабынан демилгеленген жолугушуунун негизги максаты – аялдардын чечим кабыл алуу деңгээлиндеги өкүлчүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулоо болуп саналат.

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ КАТЫШУУСУН ЖАНА ЛИДЕРЛИГИН КАНТИП КҮЧӨТҮҮ КЕРЕК?

Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутат Винера Раимбачаева белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында аялдардын лидерлигине активдүү көмөктөшүү, аялдардын чечим кабыл алууга кеңири катышуусуна жана мамлекеттик башкарууда алардын өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берүүчү механизмдерди киргизүү милдети турат. Эл өкүлү бул максаттарды ишке ашырууда Кыргыз Республикасында аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын ролуна токтолду.

Өз кезегинде депутат Гүлшаркан Култаева мындай жолугушуулар коомдогу аялдардын абалын жакшыртууга багытталган актуалдуу сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин белгилеп, аялдардын лидерлигин илгерилетүүдө жана саясий чечимдерди кабыл алууга катышуусун кеңейтүүдө мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташуусунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер