КЫРГЫЗСТАНДА «АЛТЫН ТАМГА» СЫНАГЫ 14-МАЙДА ӨТӨТ

  • 12.04.2024
  • 0

Бүтүрүүчүлөр арасындагы «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы 14-майда республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Билим берүү жана илим министринин орто жалпы билим берүү программаларынын негизинде «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тест түрүндө өткөрүү жөнүндө буйругу чыкты.

КЫРГЫЗСТАНДА "АЛТЫН ТАМГА" СЫНАГЫ 14-МАЙДА ӨТӨТ

2023-2024-окуу жылына карата окуучулар математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тест тапшырышат.

Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет: жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен); ачык түрүндɵгү тапшырмалар; туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар; шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

«Алтын тамга» сынагынын максаты — жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлин баалоо; Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жɵнүндɵ» мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу; мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары «5» (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге «Алтын тамга» тестин тапшыруу укугу берилет.

2024-жылдын 13-майында тестирлөөнү өткөрүү жайларында даярдык көрүлөт.  Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, бардык түрдөгү менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн артыкчылык аттестатына талапкерлеринин тизмесин 2024-жылдын 22-апрелинен кечиктирбей e-mail: [email protected] электрондук дарегине жөнөтүшү зарыл. “Алтын тамга” тести үчүн билим берүү уюмдары 50дөн 70ке чейин окуучуну камтый турган (жыйын же спорт залдары) жайларды жана ар бир талапкерге жеке орундарды ж.у.с. даярдашы керек. Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында «Алтын тамга» тесттин өткөрүү процедуралары жана мөөнөттөpү жөнүндө окуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) өз убагында маалыматтарды жеткирип туруулары зарыл. Ал эми   окуучулардын өмүрүнүн жана ден  соолугунун коопсуздугуна шарт түзүүнү (медициналык кызматкерлердин жана коопсуздук кызматынын кезектерин күчөтүү, тест өтүүчү жайлардын өрткө  каршы коопсуздугу, санитардык-гигиеналык шарттарды) талапка ылайык камсыз кылуу дагы жетекчилерге милдеттендирилди.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары М.У.Касымалиевге жүктөлдү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер