КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
- 28.10.2021
- 0
27-октябрда Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, лента кесүү салтанатынан кийин Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева экскурсиянын жүрүшүндө келген меймандарды инновациялык борбордун компоненттери менен тааныштырды.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов борборду расмий түрдө ачкан соң, катышуучуларды долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы менен куттуктады. Э. Байсалов өз сөзүндө мындай инфратүзүмдүк компоненттин түзүлүшү биздин Кыргызстандын инновациялар экосистемасын концептуалдуу көз карашына дал келээрин белгилеп, алгачкы жасалган кадамдар менен гана токтоп калбастан, инновациялык инфратүзүмдү борбор шаарыбыздан ары аймактарга жайылтуу зарылдыгын белгиледи. Ал 2024-жылга чейин Кыргызстандын баардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачуу сунушун колдоорун билдирди.
Эдил Байсаловдун айтымында, Министрлер Кабинетинин тематикалык отурумдарын инновациялык борбордо өткөрүү пландалууда.
Иш-чарага катышкан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Дарен Танг (онлайн) жана Евразия патенттик ведомствосунун президенти Сауле Тлевлесова да өз пикирлерин билдиришип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Соңунда чыгармачылык жана ойлоп табуучулук жетишкендиктери үчүн Түгөлбай Казаков жана Акылбек Усупбаев ИБДУнын Алтын медалы менен, Жеңишбек Тургумбаев ЕАПВнын Алтын медалы менен сыйланды.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер