КЫРГЫЗСТАНДА АБИТУРИЕНТТЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨДӨН ӨТҮП ЖАТЫШАТ
- 22.06.2020
- 0
Тест тапшыруу үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалган. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулган.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган. Тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот.
Жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүрөт жана Бишкек, Ош шаарларында 11-12-июлда кечки тест өткөрүлөт.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер