КЫРГЫЗСТАНДА 2700 ОКУУЧУНУН АРАСЫНДА УКУКТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

  • 21.12.2021
  • 0

21-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинде Укуктук олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 2-декабрынан 11-декабрына чейин 9-11-класстын окуучулары арасында онлайн форматында Укуктук олимпиада өткөрүлгөн. Олимпиадага Кыргызстандын бардык аймактарынан 2700дөн ашык окуучу катышып, юриспруденция боюнча билимдерин сынашкан.

КЫРГЫЗСТАНДА 2700 ОКУУЧУНУН АРАСЫНДА УКУКТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

Олимпиаданын негизги максаттары – жаштардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу жана “Адам жана коом” сабагына кызыктыруу.

“Бул олимпиада мектеп окуучуларынын өз укугун колдонуусуна жана билүүсүнө түрткү болду. Ошондой эле Укуктук олимпиаданын бардык этаптары онлайн режиминде өткөнү да коптөгөн окуучуларды тартууга мүмкүндүк берди. Азыркы мектеп окуучулары олимпиадаларда, сынактарда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатканына абдан кубанычтамын”, деди Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев.

Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен олимпиаданын бардык этаптары онлайн форматта www.ukuk.alc.kg бирдиктүү платформасы аркылуу өткөрүлдү. Олимпиада 3 этапта өттү:

1-этап – 15 суроодон турган тесттен өтүү;

2-этап – 10 укуктук маселени чечүү;

3-этап – калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында укуктук маселени чечүү.

Жалпы жыйынтык боюнча олимпиаданын 30 катышуучусуна сертификаттар жана баалуу белектер ыйгарылды:

1-орундан 5-орунга чейин – букридерлер (электрондук китеп окугучтар);

5-орундан 10-орунга чейин – акылдуу сааттар;

10-орундан 30-орунга чейин – рюкзактар.

Төмөнкү катышуучулар олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту:

  1. Жолдошева Айжана – Бишкек шаарынын №4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;
  2. Төрөбаева Томирис – Чүй облусунун Кант шаарынын А.М. Мурсабаева атындагы №4 орто мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу;
  3. Медетбекова Айжамал – Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучусу;
  4. Темиркулова Сезим – Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылынын Сосновка орто мектебинин 10-классынын окуучусу;
  5. Үрүстөмбекова Нурпери – Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын Т. Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.

ukuk.alc.kg бирдиктүү платформасы жөнүндө учкай маалымат

КЫРГЫЗСТАНДА 2700 ОКУУЧУНУН АРАСЫНДА УКУКТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар онлайн олимпиада өткөрүлгөн www.ukuk.alc.kg платформасы менен тааныштырышты жана Укуктук олимпиаданы өткөрүү “Адам жана коом” предмети боюнча окутуунун натыйжалуулугун жана окуучулардын прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн эң сонун курал болорун белгилешти. “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн жеткиликтүү укуктук маалыматтын булагы катары кызмат кыла турган бирдиктүү онлайн платформа түзүлдү. Платформада “Адам жана коом” предметинин мугалимдери үчүн укуктук темалар боюнча сабактын пландары, ал эми мектеп окуучулары үчүн пайдалуу макалалар менен өзүнчө бөлүм бар.

КЫРГЫЗСТАНДА 2700 ОКУУЧУНУН АРАСЫНДА УКУКТУК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

Укуктук олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын “Инклюзивдүү, адамга багытталып, адам укуктарына негизделген мамиленин негиздерин улуттук укуктук процесстерге, сот адилеттигине жана конституциядан кийинки процесстерге интеграциялоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер