КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: КЫЗМАТТАШУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК МОДЕЛДЕРИ, АКАДЕМИЯЛЫК ИНТЕГРАЦИЯ ЖАНА ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
- 03.08.2026
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүү, илим жана технологияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аталышында III Кыргыз-Өзбек ректорлор форумуна катышып келди.

Форумдун негизги максаты — Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тематикалык панелдик сессиялар өткөрүлүп, эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган келечектүү демилгелер талкууланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулду.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер