КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

  • 28.10.2026

28-октябрда  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматованын Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы, профессор Эрол Өзвар менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Жолугушууда тараптар академиялык чөйрөдөгү өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун стратегиялык багыттары кеңири талкууланып, төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:

  • Жогорку окуу жайлар аралык байланыштарды кеңейтүү жана өнүктүрүү;

  • Академиялык алмашууларды активдештирүү аркылуу студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү;

  • Биргелешкен илимий-изилдөө потенциалын чыңдоо жана илимий багыттагы байланыштарды тереңдетүү. КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ КЫЗМАТТАШТЫК

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн учурунда тараптар кызматташуунун ченемдик-укуктук базасын, анын ичинде жогорку билим берүү тармагындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун карап чыгышты. Бул документке кол коюу академиялык алмашууларды өнүктүрүүгө, билим берүү квоталарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана жогорку окуу жайлар аралык биргелешкен программаларды түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, ведомстволордун жетекчилери илим жана билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү мындан ары дагы тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү