КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

  • 13.03.2019
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Жайлоо бала бакчалары — өнүгүү борборлору” долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрүн, педагогдорун Түркиянын билим берүү системасы, айрыкча, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу максатында 2019-жылдын 17-23-февралдарында Түркияда болушту. Бул иш-сапарды Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги колдоду (TDBB).

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

Түркия мамлекетине сапарга чыгуунун алдында “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду делегация мүчөлөрүнө “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн педагогдору менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууда «Манас» КТУнин “Туризм жана мейманкана иштетүү” бөлүмүнүн окутуучусу Жемаль ИНЖЕ Түркиянын туризми жана гастрономиясы тууралуу презентация өтүп, топтун суроолоруна жооп берип, пайдалуу сапар болушун каалады.

Делегациянын курамында Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Кѳл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарындагы бала бакча, мектеп, билим берүү башкармалыктын, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилерин, методисттерди камтып, жалпы 12 адамдан түзүлдү. Делегацияны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Догдуркул  Кендирбаева жетектеди.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

Программанын биринчи күнүндө Коджаэли шаарынын “Гүлбахар Хатун Анаокулу” бала бакчасында болушту. Делегациянын мүчөсү, “Жайлоо бала бакчасынын” мугалими Аксана Молдалиеванын билдирүүсү боюнча, аталган бала бакча 200 орунга ылайыкташтырылып салынып, учурда 150 бала, 2 нѳѳмѳт менен тарбияланат.

  • Бала бакча замандын талабына ылайык салыныптыр. Учурда 150 бала, ар бир тайпада 15-18 баладан тарбияланат экен. Бала бакча эки нѳѳмѳт менен иштейт, эртең менен үч тайпага үч мугалим беш сааттан окутушат. Ал эми түштөн кийин үч тайпага үч башка тарбиячылар келет. Бала бакчаларда эркек тарбиячылардын болгону таң калтырды. Бизден айырмаланып, булардын негизги максаты — балдарды өнүктүрүү жана коомдук жашоого аралашууга, даярдоого басым жасашат экен. Бул бала бакчанын дагы бир өзгөчөлүгү, уктоочу бөлмөнүн жоктугу. Анткени, баланы тамак-аш жана уктоо муктаждыктарын ата-энелер камсыз кылышы керек, — деп билдирди А.Молдалиева.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

Кийинки сапарлары ошол эле шаардын “Erturul Gazi” бала бакчасында уланыптыр. Бул бала бакчанын таасири кыргызстандыктар үчүн өзгөчө болуптур. Анткени мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлгөндүгү, балдардын өнүгүүсүнө чоң таасир этерине күбө болушканын айтышты. Бала бакчада тарбияланып жаткан балдар, ар кандай оюндар менен өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшкөн.

Делегация балдар университетинде да болушту.

  • Бул университетке 10 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдарды атайын сынак аркылуу кабыл алышат экен. Балдар университетинде негизги пайдубалдык беш багыт боюнча сабак ѳтүлѳт. Мындан сырткары балдар ѳздѳрүнүн жѳндѳмдүүлүгүнѳ жараша программалардын үстүндѳ иштешет. Алар: таң калычтуу класс, акыл оюндары, акыл гимнастикасы, робото техника, программист. Маданий бир бѳлүгүндѳ спорт комплекс дагы салынган, — дейт А.Молдалиева.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

Делегация Санджактепе Муниципалитетиндеги Нежимитин Эрбакан атындагы маданий борборунда болушту. Борбордо ар кандай билим берүү багытындагы  уюштурулган курстар менен таанышып, райондогу эң чоң китепкананы дагы кѳрүштү.  Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин биримдиги уюмунун генералдык секретары Фахри Солактын кабыл алуусунда болушту. Уюмдун Гагаузия жана Кыргызстанда ишке ашып жаткан долбоору жѳнүндѳ маалымат берилип, келечекте кызматташтыкты ѳнүктүрүү боюнча сѳз болду. Андан сырткары Стамбул шаарындагы Үскүдар муниципалитетинин социалдык иш-чаралары менен дагы таанышышты. Алгач Теббессүм МЧКнын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон камкордугу кыргызстандыктарды өтө таасирлентти.

  • Ал жерде өзүнчө кафе иштетишет. Ал эми кардарларды Диапес, Синдром Даун менен жабыркаган адамдар тейлешет. Үч жылдан бери иштеп келе жаткан бул өзгөчө кафе, бир гана Түркияны эмес, көптөгөн дүйнөнүн мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун аярлуу катмарлары үчүн үлгү болуптур, — дейт Аксана айым.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨДӨГҮ– ӨНҮККӨН БАЛДАР

Үскүдар мэриясынын социалдык кызмат көрсөтүү иш-чаралары жөнүндө да маалымат берилип, эң өзгөчөлүгү 7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы тургундар үчүн ар кандай багытта билим берилгендиги болду. Үскүдарда болгон программа мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен бак отургузуу менен аяктады.

 

Программа боюнча кыргызстандыктар сегиз бала бакчада болуп, негизи балдарды үч жашынан баштап өз алдынча ойлонууга, сүрөт тартууга, сүрөт аркылуу түшүнгөнүн баяндоого, аңгемелешүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга үйрөтүп көндүргөндүктөрүнө күбө болушту. Ошондой эле Коджаэли муниципалитетинин мэри Ибрахим Караосманоглу жана Башакшехир муниципалитетинин мэри Ясиин Каратагоглу менен дагы жолугушушту. Мэр Ясиин Каратагоглу Башахшехирдеги кызматтар, жергиликтүү башкаруулар тууралуу маалымат берди.

 

Түркия мамлекетиндеги тажрыйба алмашуу сапары жемиштүү болгонун, алган маалымат, тажрыйбаларын өздөрүнүн бала бакчаларында колдоноорлорун жана башка кесиптештерине дагы жайылтуу пландары бар экендигин катышуучулар тарабынан айтылды.

 

  • Бул сапар мен үчүн өтө жемиштүү болду. Өнүккөн өлкөнүн, өнүккөн балдар бакчалары биз менен көп жылдык тажрыйбасын бөлүшүп, жаңы билимдер, жаңыча көз караштар менен кайттык. Алардын “Бизде нефть, алтын жок. Биздин бар байлыгыбыз ушул балдар” деген сөздөрү, балдарга болгон камкордугу, түзүп берген шарттары мени өзгөчө таасирлентти. Шарт демекчи, балдар бакчаларынын өнүктүрүүчү окуу куралдары, жабдыктары, тарбиячылар үчүн усулдук колдонмолор, күнүмдүк окутууга керектелүүчү каражаттар менен толук камсыздандырылгандыгы суктандырды. Баланы өз каалосундагы нерсе менен алектенүүсүн колдоп, эрте өнүктүрүүнүн багытында дүйнөнү таанытууну, география, адам анатомиясын, физикалык кубулуштарды окутууну бала бакчадан баштоо, балдардын шыгына карай компьютердик окутуу, спорт, музыка, технология, робото техника жана башка ушул сыяктуу окутуучу акысыз Билим берүү борборлору боюнча үлгү алсак болот, — деди делегациянын мүчөсү, Баткен облусундагы “Жайлоо бала бакчасынын” башчысы Илязат Абдрасулова.
  • Түркия мамлекети Кыргызстандагы “Жайлоо бала бакчалары” долбооруна кызыкдар экенин айтышып, кызматташтык уланаарын баса белгилешти.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер