Кыргызстан-Россия жарманкеси: Сколтех Кыргызстанда компетенциялар менен технологияларды өнүктүрөт
- 20.08.2024
- 0
Кыргызстан-Россия инновациялык жарманкесинин экинчи күнүндө Сколтех -Скольковск илим жана технология институту өзүнүн долбоорун презентация кылды. Анын аталышы — дос мамлекеттерде компетенциялар менен технологияларды өнүктүрүү боюнча заманбап борборлордун эл аралык тармагын түзүү.
“Биздин базарыбыз бир. Ошондуктан бирге иштешибиз керек”, — деди Скольтехтин вице-президенти Алексей Ситников. «Россияга да, Кыргызстанга да кадрлар керек”.
Сколтех өзүнүн долбоорлорун жүргүзүп жаткан өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус ж.б бар.
Бишкекте пилоттук долбоорду ишке ашыруу каралган. Кыргыз-Орус Славян университетинде Кошумча билим берүү борбору иштөөдө. Бул борбор ар кандай багытта, анын ичинде математика жана сынчыл ой жүгүртүү, жасалма интеллект сыяктуу багыттарда иш алып барууда.
Сколтехтин өнөктөштөрүнүн арасында абройлуу уюмдар жана компаниялар бар, анын ичинде Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду бар.
Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Россияда жүз миңдеген кыргыз жарандары иштеп жатканын белгилеп, алар үчүн Россиянын рыногуна барардын алдында Кыргызстанда окутуп, кесиптик даярдыгын карап, медициналык кароодон өткөрүп, толук камдуу жибергенге эки өлкөнүн билим берүү уюмдары иштесе жакшы болмок деген оюн билдирди.
Кубат Чекиров, «Кут Билим»
Комментарийлер