КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ: БИРДИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНДЕ
- 30.10.2025
- 0
Кыргыз-Орус Славян университетинде мектеп директорлорунун III форуму ачылды. Үч күнгө созулган форум 300гө жакын катышуучулардын — мектеп директорлорунун жана билим берүү боюнча эксперттердин башын кошту. Ага Россия Федерациясынан 20 өкүл келди.
Форумду КР Агартуу министрлиги, Кыргыз-Славян университети, И.Арабаев атындагы КМУ, “Россотрудничество”, “Евразия” автономиялык-коммерциялык уюму, Түштүк-Батыш мамлекеттик университети (Курск) уюштурду. Ачылыш аземинде КР агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда, “Россотрудничество” жетекчисинин орун басары П.Шевцов, КМУнун ректору А.Абдраева, КРСУнун ректору С.Волков ж.б. сөз сүйлөштү.

Форумдун негизги багыты — Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү, педагогикалык кадрларды даярдоо, санариптик жана педагогикалык технологияларды ишке киргизүү, мектепти башкаруу командаларын өнүктүрүү.
Агартуу министри Д.Кендирбаева сүйлөгөн сөзүндө Россия Кыргызстан менен билим берүү диалогун бекемдөө демилгесин колдоп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн билим берүү мейкиндигиндеги биргелешкен аракеттерине токтолду. Ал жакында эле кыргызстандык 200 мугалим билим берүү туризми катары Москвадан стажировкадан өтүп келгендигин, эми дагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 200 өкүлү тажрыйба алууга бараарын белгилеп өттү.
— Биз кайсы жерде жашасак да, биздин милдетибиз бирөө гана – улуттук салттуу баалуулуктарды сактоо менен өз мекенинин чыныгы атуулун тарбиялоо. Учурда биз продуктивдүү иштөөгө жөндөмдүү мыкты педагогдорду кантип даярдайбыз деген актуалдуу суроо болууда. Акылдуу кеңештерден көрө, бир грамм тажрыйба артык болуп жатат. Андыктан биз эки өлкөнүн эбактан келаткан жакшы жөрөлгөсүн улап, тажрыйба алмашуулар аркылуу билим берүү тармагын өнүктүрө алабыз деп ойлойм. Биз биринчи жолу Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен жаңы предметтик стандарттарга шайкеш автордук эки орус тили окуу китебин жазып чыктык. Жакында 6000 миң нуска китеп алабыз, — деди Д.Кендирбаева.
Ал өзүнүн сөзүндө Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жакшы жөрөлгөлөрдү белгилеп өтүп, ысымы дүйнөгө тараган россиялык Менделеев, Мичурин сыяктуу улуу окумуштуулардын профилдик практикалык класстарын ачуу маселеси талкууланып жатканын, айрыкча, эки өлкөдө тең актуалдуу болгон жашыл климатты түзүү боюнча Мичуриндин практикалык класстарын ачууга зор кызыгуулар болуп жатканын билдирди. Ошондой эле акыркы мезгилде аймактарга математика сабагынан окуткан орус тилдүү мугалимдер жетишпей жатканын кошумчалады.
— Биздин бардык эмгегибиз балдар үчүн жумшалууга тийиш. Биз кандай балдарды тарбияласак, келечегибиз ошого жараша болот. Ал үчүн билим берүү дипломатиясын бирге өнүктүрүп, эң татыктуу педагогдорду даярдай алаарыбызга ишенемин, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Форумга Россиянын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан өкүлдөр да келишти. Алардын бири Курск шаарындагы Н.Бредихин атындагы №54 мектептин директору Оксана Витальевна Купцова форум эки өлкөнүн агартуучулары үчүн эң мыкты баарлашуучу аянтча экендигин белгиледи.
— Мен адегенде биздин мектеп 15 жылдан ашык убакыттан бери тыгыз кызматташып келе жаткан өнөктөшүбүз — Түштүк-Батыш университетине терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Дал ушул университеттин долбоорунун алкагында биз ушул иш-чарага — Кыргызстандагы мектеп жетекчилеринин форумуна катышып жатканыбызга кубанычтабыз. Форумда биз үчүн тажрыйба алмашууга жакшы шарттар түзүлүүдө. Биз өзүбүздө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан бир катар алгылыктуу тажрыйбаларыбызды алып келдик. Бул — инновациялык долбоорлор боюнча иштер, өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарды окутуу тажрыйбалары, ошондой эле патриоттук тарбия багытындагы иштер. Бул тажрыйбалар Россия боюнча өткөрүлгөн иш-чараларда сунушталган жана жогорку баага татыган.
Өткөн жуманын ичинде биз Кыргызстандын билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн форматта иш алып бардык. Аларга тарбия ишин уюштуруу, башкаруу процессин эффективдүү жүргүзүү боюнча айтып бердик. Эми болсо ушул форумдун алкагында мектептерибиздин иш жүзүндөгү практикаларын бетме-бет форматта көрсөтөбүз, — дейт Оксана Купцова.
Форумда мектептер аралык жана университеттер аралык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюму эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоого жана мыкты тажрыйбаларды үзгүлтүксүз алмашууга багытталган “Побратимство школ” долбоорун тартуулады.
Мектеп жетекчилеринин форумунун алкагында “Россотрудничество” уюштурган “Россияда билим берүү – 2026/27” аттуу россиялык ЖОЖдордун масштабдуу көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөгө Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Самара, Екатеринбург, Тюмень жана өлкөнүн башка аймактарынан келген 28 университет катышууда. Көргөзмөгө келгендер заманбап билим берүү программалары, Россиянын өкмөттүк квоталары боюнча окуу шарттары жана академиялык кызматташуунун келечеги менен тааныша алышат.
Иш-чаранын уюштуруучулары мындай жолугушуулар билим берүү дипломатиясын өнүктүрүү үчүн стратегиялык аянтчага айланып баратканын белгилешти. Форумдун жыйынтыктарынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, адистештирилген класстарды кеңейтүү жана инновациялык технологияларды мектеп практикасына киргизүү боюнча сунуштар даярдалмакчы.
Үч күнгө созулган форум И.Арабаев атындагы КМУда улантылып, окуу жайлардын жетекчилери үчүн тематикалык секциялар жана практикалык окуулар өткөрүлүүдө.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, Салия ЖЫЛДЫЗБЕК кызы, Наргиза ДААНАЕВА,
“Кут Билим”









Комментарийлер