КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮДѲГҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН МАСШТАБДУУ ДОЛБООРУ

  • 15.03.2021
  • 0

Россия Федерациясынын билим берүү министри С. Кравцов менен КР билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Бишкекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптын кызматташтыгын кеңейтип өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш чараларды талкуулап жатат.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын планында Кыргызстандын региондоруна россиялык мугалимдерди жиберүү, “Россиялык мугалим чет өлкөдө” гуманитардык долбоорун Кыргызстанда ишке ашыруу, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү боюнча программаларды ишке ашыруу, табигый илимдер жана физика-математика багыттары боюнча россиялык электрондук билим берүү санарип ресурстарын кыргыз тилине которуу жана колдонуу, Кыргызстандын билим берүү системасын STEAМ багыттары боюнча PISA эл аралык изилдѳѳсүнѳ даярдоо, зээндүү жана таланттуу балдарды ѳнүктүрүүгѳ биргелешип кам кѳрүү, дин маданияты сабактарын окутууда тажрыйба алмашуу сыяктуу маанилүү чаралар каралган.

Россия менен Кыргызстандын билим берүү министрликтеринин эксперттик делегациялары бул долбоорлорду ишке ашыруунун планынын үстүнѳн иштеп баштады.

Бул Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосунда соӊку отуз жылдын ичиндеги эӊ масштабдуу кызматташтык программасы болуп калмакчы.

РФ билим берүү министри С. Кравцов бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, премьер-министр Улугбек Мариповдун кабыл алуусунда болмокчу.

Бөлүшүү

Комментарийлер