КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ОРТОСУНДАГЫ ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 11.04.2022
  • 0

8-апрелде Ташкент шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин илим жана техника министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинин алкагында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Өзбекстан Республикасынын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахмоновдун эки тараптуу жолугушуусу болду.

Жолугушуунун башында А. Бейшеналиев өзбек тарапка жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосунда илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир катар маселелер бар экенин белгиледи.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелерин кеңири талкуулашты. Министрлер эки министрликтин ортосундагы өз ара кызматташтыкты арттырууга жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Атап айтканда, А. Бейшеналиев алгачкы этапта биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоо үчүн кыргыз-өзбек илимий фондун негиздөөнү, ошондой эле биргелешкен илимий, инновациялык жана стартап долбоорлорду уюштурууну сунуштады. Ошол эле учурда А. Бейшеналиев өзбек тараптын эки өлкөнүн илимий кызматкерлери үчүн илимий конференцияларды, тегерек столдорду жана квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруп, өткөрүү жолу менен тажрыйба алмашуу тууралуу демилгесин колдоого алды.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды биргеликте жүзөөгө ашырмай болушту.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер