Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

  • 07.03.2025
  • 0

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 6-7-марттагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Эки өлкөнүн билим берүү жаатында кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга КР билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Вьетнамдын билим берүү жана кадрларды даярдоо министри Нгуен Ким Шон кол коюшту.

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган.

Келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү жаатында кызматташат

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер