КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ ЧЫҢДАЛУУДА

  • 14.10.2021
  • 0

Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы алакалардын түзүлүшүнө орчундуу салым кошуп келаткан “Единство” коомдук фонду Чүй облустук билим берүү борборунун кызматкерлери жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары менен жолугушту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ ЧЫҢДАЛУУДА

Кыргызстандын 120 мектеби менен кызматташып келаткан «Единство» коомдук фонду ачылганына 10 жылдан ашты. Ушул мезгил аралыгында аталган фонд мектептерден тышкары кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, ОшМУ, ОшТУ ж.б. жождор менен билим көпүрөсүн түзгөнгө жетишкен.

“Единство” коомдук фондунун жардамы менен Кыргызстандын жогоруда аталган жождору жана мектептери РФнын бир катар ири университеттери менен келишим түзүп, эки тараптуу кызматташын улантып келет. Алсак, Томск башкаруу системалары жана радиоэлектроника университетинин Инновация институтунда билим берүү ишмердүүлүгүндө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы квалификацияны жогорулатуу курсуна Кыргыз Республикасынын мектептеринен жалпысынан 230 мугалим катышса, Чүй облусу боюнча эле 179 адам квалификациясын жогорулатуучу семинарларга катышып, квалификациялык ишин жогорулатышкан.

«Единство» коомдук фонду кызматташууга өбөлгө түзгөн Томск башкаруу системалары жана радиоэлектроника университетинен тышкары, Сибирь мамлекеттик медициналык университети, Иркутск улуттук изилдөө техникалык университети, Түндүк Кавказ мамлекеттик университети, Костромская мамлекеттик медициналык академиясы, Новгород, Урал, Ыраакы Чыгыш сыяктуу Россиянын бир катар жогорку окуу жайлары менен жемиштүү иштеп келатат. Анын алкагында ү.ж. апрель айында онлайн режиминде өткөн билим берүү өнөктүгүндө Чүй облусунан РФ жождорунун экзамендерине баардыгы болуп1073 бала катталып, 477 бала экзаменге катышкан.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ ЧЫҢДАЛУУДА

Аталган фонд менен тыгыз иштешип келатканын белгилеген Чүй облустук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Абдраева, мындай кызматташтыктын артыкчылыктары тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

— “Единство” коомдук фонду Чүй облусунун мектептери, райондук, шаардык жана облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен тыгыз иштешет. Анын жыйынтыгы фонддун жардамы менен Россиянын ар кайсы шаарларында өткөрүлгөн олимпиадаларга катышуу, жождордогу кесиптер жөнүндө маалымат тараткан өнөктүктөргө катышуудан улам билинет. Олимпиадалардын негизги максаты жана милдети – окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн аныктоо жана аны андан ары өркүндөтүү аркылуу балдарды болочок кесипке багыттоо. Белгилей кетчү жагдай,  олимпиада жеңүүчүсү болгон балдар Россиянын жогорку окуу жайларына тапшырып жатканда кошумча бал жана жеңилдиктерге ээ болушат. Ал эми ОРМО олимпиадасынын жеңүүчүсү болгон абитуриент, Томск МУга тапшырганда, бюджеттин эсебинен окууга мүмкүнчүлүк алат, — дейт.

Кундуз Мукашевнанын айтымында, Россия жождорунун өкүлдөрү жүргүзгөн кесипке багыт алуу өнөктүктөрү Чүй облусунун Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларында жана Сокулук, Ысык-Ата райондорунда активдүү жүрүп турат. Быйыл РФнын жогорку окуу жайларына Чүй облусунан 64 бала окууга өткөн.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН БИЛИМ КӨПҮРӨСҮ ЧЫҢДАЛУУДА

“Единство” коомдук фонду тыгыз кызматташып келаткан Чүй облусунун жетекчилигине жана билим берүү бөлүм башчыларына Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырып, айрым райондук билим берүү бөлүмдөрүнө техникалык каражаттарды белекке тартуулады.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер