КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАНДЫН БИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЧЫҢДАЛАТ

  • 17.08.2021
  • 0

Пакистандын ЖОЖдорунда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына  карата сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулат.

Тышкы иштер министрлгинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Глобалдык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун (CGSS) аткаруучу директору Халид Таймур Акрам жана Пешавар университетиндеги Борбордук Азияны, Кытайды, Россияны изилдөө борборунун директору, профессор Шабир Ахмад Хан менен жолугушуп, мындан ары да тыкыз кызматташуунун пландарын талкуулашты.

Жолугушуунун  жүрүшүндө эки өлкөнүн жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыгын чыңдоо, студенттердин окуусун эки тараптан тең уюштуруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана басылмаларды чыгаруу маселелери талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында «Пакистан — Евразия: академиялык жана социалдык-экономикалык кызматташтык үчүн өз ара байланыш» аттуу конференцияга катышуу үчүн элчи У.Тотуяевдин Пешавар университетине барышы боюнча, ошондой эле Кыргызстындын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Пакистандын бир нече жогорку окуу жайларында сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу жөнүндө макулдашылды.

М.Кайыпов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер