КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

  • 16.01.2025
  • 0

2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын  алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча  жөнүндө меморандумга кол коюшту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

Меморандум академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, студенттерди жана окутуучуларды алмашууга, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ПАКИСТАН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

Бул меморандум эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана эки өлкөдө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга негиз түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер