КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ

  • 22.11.2021
  • 0

22-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын жана Казакстандын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Биринчи Форуму болуп өттү.

Форумга Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин ректору, Казакстандын жогорку окуу жайларынын кеңешинин төрагасы Сыдыков Ерлан баштаган Казакстандын белгилүү жождорунун ректорлорунан турган делегация келди. Анда эки өлкөнүн жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери, кадрларды даярдоо, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, илимий эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктары талкууланып, Кыргызстан менен Казакстандын билим берүү системаларын интеграциялоонун тажрыйбасын жана келечегин эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу, эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды мындан ары чыңдоо боюнча конструктивдүү жана мазмундуу талкуу жүрдү.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ

  • Негизги максатыбыз мезгил чакырыктары жана азыркы жогорку билим берүү, анын трансформациясы, кыргыз улуттук жогорку билим берүүнүн алдында турган негизги маселелер, анын өнүгүү жолу, жогорку билим берүүнү дүйнөлүк билим берүү алкагына интеграциялоо маселелери, Борбордук Азияда жалпы билим берүү мейкиндигин түзүү маселелери, казак-кыргыз жогорку билим берүү системаларынын ортосундагы алака-катышты түзүү, аны тереңдетүү, механизмдерин иштеп чыгуу жана мыйзамдык-укуктук актыларынын гармонизациясы, жалпы эле адистерди даярдоонун траекториясын гармонизациялоо, айтор, ушул жалпы мейкиндикти түзүү аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чогуу интеграциялануу маселелери талкууланды, — дейт Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН РЕКТОРЛОРУНУН БИРИНЧИ ФОРУМУ ӨТТҮ

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор ассоциациясы (төрагасы Мусаев А.И.) менен Казакстан Республикасынын жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү уюмдарынын ректорлор кеңешинин (төрагасы Сыдыков Э.Б.) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Башка окуу жайлар ортосундагы илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө бир катар окуу жайлар дагы эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. Жаңы келишимдер илим жана билим берүүнүн алдыңкы тармактарында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өбөлгө түзөрү шексиз.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер