КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫ АРТАТ

  • 04.03.2021
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына жасалган мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан тарап Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларынан акысыз билим алууну каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жыл сайын бөлүнүүчү квотанын санын 2022-2023-окуу жылынан тартып бештен элүүгө чейин көбөйтүүгө даяр экендиги маалым болду. Өз кезегинде Кыргызстан тарап да Казакстан Республикасынын жарандары үчүн жыл сайын бөлүнүүчү квотанын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, жакынкы убакта 2006-жылдын 4-июлунда Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында 2021-2022-окуу жылына 5 орунга тандоо жарыяланат.

Ошондой эле Казакстан Кыргызстандын аймагында аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Аталган визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев казакстандык кесиптеши Асхат Аймагамбетов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулады. Атап айтканда, Алмазбек Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерин кайчылаш түрдө педагогикалык практикадан жана такшалтмадан өткөрүп турууну киргизүү сунушун берди. Бул сунуш эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин ортосундагы ведомстволор аралык келишимдин негизинде жүзөгө ашырылмай болду.

Мындан тышкары Кыргыз-казак илим фондун түзүү тууралуу оозеки макулдашуу жетишилди. Бул демилгени жүзөгө ашыруу үчүн жакын арада Өкмөттөр аралык келишим даярдалат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер