КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИКТИН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ БИРГЕЛЕШКЕН ДЕМИЛГЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 17.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде министр Алмазбек Бейшеналиев менен Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин жолугушуусу болду.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЕВРОБИРИМДИКТИН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ БИРГЕЛЕШКЕН ДЕМИЛГЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушууда А. Бейшеналиев менен Э. Ауэр Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин билим берүү жаатындагы биргелешкен демилгелерин талкуулашты. Атап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашуу (анын алкагында Европа Биримдиги тарабынан Кыргыз Республикасына 35,76 млн евро өлчөмүндө гранттык жардам берилген) ийгиликтүү аяктаганын, бул каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого жумшалганын белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформа жүргүзүүгө жаңы гранттык келишим түзүүнүн күнгөй-тескейин талкуулашты. 2023-2027-жылдарга эсептелген бул келишимдин алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасына 32.0 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, бул каражаттар да өлкөнүн бюджетин колдоого багытталат.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер