КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЭСТОНИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ МАКУЛДАШЫШТЫ

  • 16.03.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Эстония Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Томас Тирс менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатындагы кыргыз-эстон кызматташтыгы маселелерин талкуулап, кызматташтыкты бекемдөө боюнча келечек пландарын белгилешти.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ЭСТОНИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ МАКУЛДАШЫШТЫ

Жолугушуунун жүрүшүндө Эстония дүйнөдөгү билим берүүнүн өнүккөн жана натыйжалуу моделдеринин бирине ээ экендигин эске алып, кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыкты түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Ушул тапта Эстония бүткүл дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкта ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан билим берүү жаатындагы көптөгөн эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана аткаруучусу болуп саналат. PISA 2018 окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык изилдөөнүн жыйынтыктары Эстониянын билим берүү системасы дүйнөдөгү мыктылардын арасында турарын айгинелейт.

Кыргыз тараптын сунушуна жооп катары эстон тарап дээрлик 30 жыл бою топтолгон билим берүү жаатындагы реформаларды жүргүзүү тажрыйбасын, атап айтканда, билим берүүдөгү, жалпы жана кесиптик билим берүүдөгү, ошондой эле PISAга (Programme for International Student Assessment) даярдануудагы санариптик жетишкендиктерин жана инновациялык чечимдерин бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн чогуу аракеттенүүгө, ошондой эле тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык билим берүү долбоорлоруна чогуу катышууга даяр экендигин билдиришти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер